Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге мыйзамсыз түрдө батирлердин берилгени тууралуу келип түшкөн кайрылуудан соң, бул меселенин алкагында териштирүү иштери башталганы айтылды.
Маалыматка ылайык, К. Жунушалиевге жазылган кайрылууда ИИМдин 7-башкармалыгынын жетекчиси Рейна Сайнакулова кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө калпыстык кетиргени айтылган.
Мындан улам, бул маселенин алкагында териштирүү иштери дайындалып, кызматтык иликтөө башталган.