Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин бир айлык маянасы 24 миң сомду түзөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 25-апрелде парламенттин жыйыны учурунда депутат Урмат Самаев ИИМдин сержанттарынын маянасынын көлөмүн сураганда, министр кызматкерлер 8-12 миң сом аларын билдирген. Ал эми «Бул каражат үй-бүлөнү бакканга жетеби?» деген суроого Жунушалиев: «Жеткен үчүн жашап жатабыз да»,- деп жооп берген болчу.
Өздүк булактардан маалым болгондой Жунушалиевдин мындай сөзү министрликтегилердин көбүнө жаккан жок. Анткени,
кызматкерлердин басымдуу бөлүгү ижарага алган батирде жашашат, коммуналдык төлөмдөр бар, үй-бүлөсүнүн чыгымдары ж.б.
Мындан улам өз ичтеринен кайнап, сыртка чыгаруудан кыйналышууда.