Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда акыркы учурдагы маалымат сайттарына болгон хакердик чабуул тууралуу айтылып, муну сөз эркиндигине кысым катары кабыл алса болобу деген суроо болду.
Сооронбай Жээнбеков биздин өлкөдөгү сөз эркиндиги эч кандай кысымга кабылбай келгенин айтты.
Биздикиндей эркиндик көп мамлекеттерде болбосо керек. Каалаганды жазып, айтып жатасыңар. Мен тараптан бир каршы сөз айтылдыбы. Мисалы, шайлоо мезгилинде 24.kg мени радикалдык экстремист деп маалымат чыккан. Мен аны түшүнөм, кайра доомду кайтарып алгам. Себеби маалымат каражаттары эркин болуусу керек. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги болгондо өнүгүү болот. Мен аны дайым колдойм жана коргойм. Бирок, сөз эркиндиги өтө чөң жоопкерчилик экенин билип аны көтөрө билишибиз керек. Аны туура сактообуз зарыл», — деди Президент.
Белгилей кетсек, маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.