• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Качкын президент Бакиев сот процесстерине онлайн катышууга даяр экенин билдирди

5 Теке 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бийликтен кулатылган мурдагы президенттердин бири Курманбек Бакиев «Жаңы Ордо» гезитине маек берип, өзүнүн иши боюнча сот процесстерине онлайн режиминде катышууга даяр экенин айткан.

«Мен канча убакыттан бери эле, Эл аралык кайсыл сот болсо да катышууга даярмын. Өзүмдүн ар-намысым үчүн президент Бакиев деген фамилиямдын тарых барактарында, элибиздин алдында таза бойдон калышы үчүн баарына даярмын. Бизден кийин да менин неберелерим “Бакиев” деген фамилиядан баштарын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайт элем. Мен чындыктан качпай турган адаммын. Мен ошол чындык, акыйкаттык дегенге азыр суусап турганымды айта кетейин. Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет. Минск шаарында резиденцияда жашап жатам. “Курманбек Салиевич, сизге момундай иш боюнча күнөөлөрдү коюп жатабыз. Эмне дейсиз?” деген адам жок. Азыркы учурда өлкө башчылары бири-бири менен жолуга алышпай, чоң жыйындарга катыша албай онлайн аркылуу сүйлөшүп жаткан учур. Ал эми, биздин соттук териштирүүлөрдү Лондон сотундай өткөрө алышпайт бекен. Каалашса болмок. Лондон соту өткөрдү го. Макул дешсе кана, мен аларга ыраазы болот элем»,-деп билдирген Бакиев.

Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель айындагы элдик революциядан кийин Кыргызстандан качып кеткен. Нааразы болуп аянтка чыккан эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышуудан 7-апрелде 80ге жакын адам каза болуп, 400дөн ашууну жарадар болгон. Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген. Бозгун президенттин улуу баласы Марат Бакиев ал убакта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал дагы сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.

Количество просмотров: 734