• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кадамжайда селдин кесепеттерин жоюуга 700гө жакын адам тартылды

25 Кулжа 202413:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 12:00гө карата Кадамжайда селдин кесепеттерин жоюуга 692 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден 63 куткаруучу, 1 Хово, 1 экскаватор, 2 мотопомпа тартылды.

Ошондой эле Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 Хово, жергиликтүү бийликтен 400 адам, 2 самосвал, 1 жүктөгүч, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынан 39 кызматкер, ички иштер органдарынан 50 кызматкер, тез жардамдан 30 кызматкер, ыктыярчылардан 110 жалпы, ошентип 692 адам, 8 техника тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, күн мурун Кыргызстандын түштүк аймактарында сел жүргөн. Баткен облусунун аймагында катуу селден 1 миңден ашык адам коопсуз жайга эвакуауияланып, 5 жаштагы бир бала каза болгон. Натыйжада Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Количество просмотров: 85