• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

25 Кулжа 202411:05 Бишкек Govori.TV

Селден улам Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 24-июнда Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Количество просмотров: 111