• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял каза болду

15 Бирдин айы 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 147-чакырымында «Ауди» үлгүсүндөгү жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1 аял 1955-жылы туулган Ф.Ы. каза болуп, 4 адам жабыркаган. Алар: 1988-жылы туулган Д.З., 1952-жылы туулган Ф.Т., 1988-жылы туулган Ф.Ү. жана 2018-жылы туулган Ө.М.

Тартылган куткаруучулар каза болгондун сөөгүн унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 523