• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кадамжайдагы секелектин өлүмү. Эки шектүү абакта асынып алды

4 Бештин айы 2022 12:30 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда кызды өлтүрдү деп айыпталган эки адам Оштогу СИЗОдо асынып өлдү. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы тастыктады.

Айыпталуучулардын сөөгү түндө табылганы такталган. Учурда текшерүү жүрүп жатат.

Эске салсак, Кадамжай районундагы тоннелден өспүрүм кыздын сөөгү табылганын жергиликтүү тургундар милицияга билдиришкен. Кыздын денесинде зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери болгон – аны муунтуп өлтүрүшкөн, колдору байланган.

Шектүү катары 4 адам кармалган.

Количество просмотров: 99