• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кадамжайдагы жол кырсыгында каза болгондордун саны сегизге жетти

22 Бугу 2022 9:53 Бишкек Govori.TV

Кадамжайдагы жол кырсыгында каза болгондордун саны сегизге жетти, экөө ӨКМдин кызматкери. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү бекетинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылган.

«Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында 8 үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкерлери каза болгон жана 7 адам жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды.

Кырсыктын кесепети такталууда, кошумча маалымат берилет.

Баткен облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматына таянсак, кырсыктан 14 адам жабыркаган.

«Жабыркаган эки жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыкты. Ал эми бешөө Айдаркен ооруканасынын хирургия бөлүнө жаткырылды. Бир бейтаптын абалы оор, калган төртөөнүн абалы орто оор деп бааланууда», — дейт ал.

Жол кырсыгы катталган жерде тез жардам кызматынын эки бригадасы иш алып барды.

Количество просмотров: 1502