• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кадамжайда митинг. Жергиликтүүлөр Шамбесай кенин иштетүүгө каршы

2 Бирдин айы 2018 15:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2018.Govori.TV.

Бүгүн эртең менен миңге жакын киши нааразылык акциясына чыккан.

Алар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышууда. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтышты.

https://www.facebook.com/100011492329195/videos/pcb.551232665269806/551232548603151/?type=3&theater

Ал эми,депутат Жанар Акаев бул маселени парламетте көтөрөм деп убада берди.

«Кадамжайлык туугандар, чакырууңарды алдым, бирок шартка жараша баралбай калдым. Сиздердин маселени терең билем жана буга чейин да парламентте өкмөт өкүлдөрүнө айткам. Силердин үнүңөрдү жеткирүүгө азыр да даярбыз»,- деп өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты депутат.

https://www.facebook.com/janar.akaev.9/videos/1557918504245268/

Митингге Мадумаровдон башка да бир нече активист катышты. Түштөн кийин чогулгандар тарап кетишти.

https://www.facebook.com/100011492329195/videos/pcb.551232665269806/551232161936523/?type=3&theater

Ал эми Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Шамбесайда митинг эмес, кенди иштеткен “Тианди” Кытай компаниясы менен элдин жолугушуусу болгонун айтууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Шамбесай кенинде болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Количество просмотров: 8