• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайдагы кенден ким пайда көрүп жатат? Мыйзамсыз иштеген бильрд аныкталды Соңку жаңылыктар 02.02.18.

2 Бирдин айы 2018 13:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.18. Govori.TV

Кадамжайда кенди казууга каршы митинг өтүп жатат

Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Медербек Ниязалиев билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына болжол менен миңге жакын киши катышууда. Алар Шамбесай алтын кенин жабууну жана анда иш алып барып жаткан компаниялардын аймактан чыгып кетишин талап кылышууда. Чогулгандар ошондой эле кенди иштетүү экологияга зыян экенин, кенден мамлекет да, эл да пайда көрбөй турганын айтып жатышат. Жергиликтүүлөр кытай компаниясына нааразы пикирлер жазылган плакаттарды кармап турушат. Митингге Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, УКМКнын жана милициянын аймактык жетекчилери, кызматкерлери да катышып жатат. Жергиликтүү бийлик буга чейин 2-февралда Шамбесай кени боюнча жыйын өтөрүн, анда кенди иштетүүчү компания менен жергиликтүү тургундар жолугуп, иштөө тартиби жөнүндө элге маалымат берилерин айткан.

Мыйзамсыз иштеген бильрд аныкталды 

Бишкек шаарындагы «555» бильярддык клубунда көмүскө казино иштеп жатканы аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.Мыйзамсыз иштеп жаткан казинодо покер оюнунун алты столу, фишкалары жана карталар табылган. Операция учурунда ар бир столдо алты-жетиден киши ойноп жатканы аныкталган.Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 беренеси (лотерея жабдууларын жана башка каражаттарды колдонуу менен кумар оюндарын уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.Кыргызстандын аймагында казино ачууга жана иштетүүгө тыюу салынган.

Футзал боюнча Азия чемпиондугу 

Бүгүн, 2-февралда Тайбэйде футзал боюнча Азия чемпиондугунун алкагында Кыргыз курама командасы алгачкы беттешин өткөрөт. Анда Кыргыз футзалчылары Ливан курама командасы менен беттешмекчи. Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да. Айта кетсек, футзал боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун «D» тайпасына туш келип Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат.

Количество просмотров: 13