• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын башчысы кармалды

28 Чын куран 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузактагы филиалынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-апрелинда УКМК тарабынан жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчилиги «С.З.Т.» тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысыны аныкталып ага бөгөт коюлду.

Такталгандай, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген. Буга карабастан «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы «С.З.Т.» Джалал-Абад шаардык ШИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык жыргалчылыктарды алуу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Количество просмотров: 114