• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кадастр мамагенттигинин кызматкери пара алып жатканда кармалды

30 Аяк оона 202418:05 Бишкек Govori.TV

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын А аттуу кызматкери, жер тилкесин бөлүштүрүп документтерин берүү үчүн 30 000 сом талап кылып жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Факт боюнча Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
28-сентябрь күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Маданият айылында 30 000 сом өлчөмүндө акча алган учурда Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын кызматкери 65 жаштагы С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 213