• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Кадастрдын» мурдагы жетекчиси кармалды

22 Жетинин айы 2023 16:04 Бишкек Govori.TV

Кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасоо фактысы боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.С.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын март айында А.С.К. Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, материалдык пайда алуу максатында Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына 3 гектар жер тилкесин (мамлекеттин балансында турган Байтик-Батыра көчөсүндөгү Орто-Сай айылындагы жер тилкесин) сатып алууну сунуштаган.

«Кылмыштуулук фактыларын тастыктоо жана документтештирүү максатында 2023-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарындагы кафелердин биринде (мурда алынган 150 миң АКШ долларынын) 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда А.С.К. пара менен кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында А.С.К. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 142