Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында КСДПнын Cаясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.
Анын айтымында, Кадыр Атамбаев экөө кечээ, 24-октябрда чогуу учуп келишкен.
Эске салсак, Кадыр Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Москвага аспирантурага тапшырганы кетип, бир жумадан кийин кайтып келерин айткан.