• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадыр Атамбаев жол кире кымбаттаса сотко кайрылат

28 Аяк оона 2021 14:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында депутат Кадыр Атамбаев жол кирени көтөрүүгө каршы чыкты. Ал маршруттук фирмаларды текшерүүнү сунуштады.

Ал тарифти көтөрүү мыйзамсыз экенин белгилеп, эгер жогоруласа сотко кайрылууну мерчемдеп жатканын айтты.

«Борбор калаада 3 миң маршрутка болсо, фирмаларга күнүнө 9 миллион сом түшөт. Бирок фирма ээлери салыкты жашырат экен. Фирмалар киреше-чыгашасы тууралуу отчет бербейт. Андыктан бул маселени чечпей туруп жол кирени көтөрүү туура эмес. Айдоочуларды митингге чыгарып коюп, үстүндө жашырынып отургандар бар», — деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн шаардык кеңештин депутаттары борбор калаадагы коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулап жатат. Жыйынга Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев дагы катышып жатат.

Количество просмотров: 1854