• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кадырбеков: Бизде тойкана, бизнес борборлор салынып, социалдык объектер калып калды

18 Бугу 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү мектептердин абалын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, республика аймагында тойкана, бизнес борборлор салынып, социалдык объектер калып калды.

«Бардык мектептерди инвентаризациядан өткөрүү керек деген сунуш киргиздим. Жайкы каникул учурунда ӨКМ, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептердин баардыгын текшерип чыгышы зарыл. Балдардын коопсуздугун коркунучка салбаш керек. Бизде жеке секторлор өнүгүп жатат. Ал эми клуб, бала бакча, мектептер калып калды. «Бюджетте акча жок» деген шылтоо бар, бирок бир жолун табуу абзел. Убагында Дүйшөн атабыз деле чечпеди беле… Эмнеге биздин мектептерди арабдар келип куруп бериши керек? Улуттук намыс деген болуш керек, бул — өзүбүздүн кыла турган иштер»,-дейт Кадырбеков.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон. Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, мугалим жана төрт окуучу ооруканага жаткырылган. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Количество просмотров: 90