• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кадырбеков: Өкмөттө Матраимовго окшогондор иштеп жатат

30 Аяк оона 2020 23:49 Бишкек Govori.TV

Учурдагы өкмөттө репутациясы булганган адамдар да иштеп жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Коомдук каналда өтүп жаткан дебат учурунда «Ыйман нуру» саясий партиясынын төрагасы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Бизде өкмөттө Матраимовго окшогондор иштеп жатат. Эмне үчүн анын репутациясын, ал тууралуу элдин айтканын эске албайбыз? Иштемек тургай азыр бир партиянын аркасында туруп алып, бийликке барганы жатат. Буга окшогон жагдайларды карабасак болбойт”, -деди Кадырбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Коомдук телерадио корпорациясында парламенттик шайлоого талапкер партиялардын дебаттары уланды. Ага «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, «Ыйман нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев катышты.

Количество просмотров: 97