• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кадырбеков: Кумтөрдүн келечеги өзүбүздүн колубузда

6 Чын куран 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Кумтөрдүн келечеги өзүбүздүн колубузда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, эң башкысы мөңгүлөрдү сактап калуу маанилүү.

«Кумтөр бизге өттү деп сүйүнгөнүбүз менен ишти алып кетүү башка. Эң башкысы мөңгүлөрдү сактоо маанилүү. Алтын деп эле башты жоготуп, мөңгүлөрдү талкалап албайлы. Баары бир дегендер толтура да. Ал экологиялык катастрофага алып келет. Башкы кең байлыктарда дагы биздин үлүшүбүз дээрлик жокко эсе болгон учурлар бар экен. Мына ушул маселелерди кайра карап чыгып, инвентаризациялоо менен жок дегенде 30-40 пайызы Кыргызстанда кала тургандай кылуу зарыл. Анткени бул элдин байлыгы»,-деди Кадырбеков.

Количество просмотров: 112