Бүгүн Шайлоо мыйзамындагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуу өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” сыяктуу партиялардын лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Анын жүрүшүндө Шайлоо мыйзамындагы парламентке өтүү босогосун төмөндөтүү жана мыйзамдагы айрым кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар айтылды.
Бул жыйынга келген коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков шайлоочулардын оюу менен эсептешпеген бийликтин келечеги кыска болоорун айтты.
«Шайлоо мыйзамынын жаңы редакциясындагы өзгөрүүлөр өлкө жарандарынын нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Себеби шайлоочулар өзүнүн шайлоо укугунан ажырап калышты, ким депутат болоорун эл чечпей партия өзү чечип жатат», — деди ал.