• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кадырбеков: Жапаров премьер-министрлик кызматтан отставкага кетип, андан кийин шайлоого катышса болмок

9 Бештин айы 202013:27 Бишкек Govori.TV

Конституциядагы 68-беренеге ылайык президенттин милдетин аткаруучу президенттик кызматка талапкер болууга жана шайлоо алдындагы иштерге катыша албайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өткөн маалымат жыйында коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматтан отставкага кеткенден кийин шайлоого катышса болмок.

«Мыйзамга ылайык, ал өзүнүн кызматтык милдетин токтото албайт. Президенттин милдетин аткаруу премьер-министрге калат. Эгерде ал президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр да болсо, анда ал президенттик шайлоого катыша лбайт. Бул конституциялык норма», — деди Кадырбеков.

Количество просмотров: 683