• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кадыров Мирзиёевге эки жылкы белек кылды

26 Теке 2022 8:50 Бишкек Govori.TV

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага эки жылкы белек кылды.

«Мен жылкыларды аябай жакшы көрөм, сиз да жакшы көрөрүңүздү билем. Ошондуктан жалпы чечен элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге эки күлүктү белек кылууну чечтим. Сизге чын ден соолук, узак өмүр, ошондой эле Өзбекстан элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм», – деди Кадыров Instagram’га чыгарган куттуктоо видеосунда.

Мындан тышкары ал куттуктоосунда Өзбекстандын президентин «жөнөкөй жана меймандос адам, ошол эле маалда акылман жана алысты көрө билген саясатчы» деп мүнөздөдү.

24-июлда Мирзиёевге коңшу өлкөлөрдүн, ошондой эле Азербайжандын, Беларустун, Орусиянын жана Түркиянын президенттери телефон чалып, аны 65 жылдыгы менен куттукташкан.

23-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин «Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө кызматы үчүн» Шавкат Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Количество просмотров: 194