• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кафеде кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген жаран кармалды (видео)

23 Үчтүн айы 2023 15:46 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарындагы кафеде белгисиз жаран кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл райондук милицияга 25 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, Чолпон-Ата шаарынын кафелеринин биринде иштерин жана жумуш учурунда белгисиз азия улутундагы жаран эч себепсиз салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгышып, көп узабай шектүүнү кармоого үлгүрүштү. Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты. Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып келинген.

Райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан орун алган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280 (Ээн баштык) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 3260