• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Кагаздан окуган эмесмин». Депутат Бакасов Мадумаровго кайра асылды

25 Чын куран 2022 17:08 Бишкек Govori.TV

ЖК комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов кайрадан кесиптеши Адахан Мадумаровдун дарегине сын пикирин айтты.

Анын бул жолку кайрылуусуна соцтармактагы талкуулар себеп болгон. Буга чейинки жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов Мадумаровдун дарегине айтчу сын-пикирин кагазга жазып алып окуду деп талкууга алынган.

Бакасов өз сөзүндө Мадумаровду «калысыздыкка» айыптады.

«Өткөн отурумда Улан Бакасов кагаздан карап Адахан Кимсанбаевичти урушту деп соцтармактарга тарап, ар кандай пикирлер айтылды. Буга биринчи Кудай күбө, экинчиден ушул жерде отурган депутаттар күбө. Алдыбыздагы кагаз бул күн тартиби. Экинчиси, биз эмне себептен талаштык. «Жамандык көрсөң, колуң менен токтот, болбосо тилиң менен токтот, ал дагы болбосо жүрөгүңдөн жаман көрүп кой» деген сөз бар. Жүрөктөн жаман көрүш ыймандын төмөнкү даражасы дейт. Мен жамандык көрдүм, колум менен токтото албадым, биз маданияттуубуз, тилим менен токтоттум.

Биз ал жыйында баарыбыз тен Баткен облусуна бөлүнүүчү каражатты АРИС алышына каршы болгонбуз. Бирок, АРИСтен башка эч кимиси бул ишти жасай албашына көзүбүз жеткен соң гана, Баткенге соцобъектилер түшүп калсын деген максатта макулдугубузду бергенбиз, Ал эми, сиз каршы болгонсуз, Адахан Кимсанбаевич. Мен сизди буга чейин калыс адам экен деп жүргөм… Эгер калыс болсоңуз тарапташтарыңыз кагаздан окуду деп сындап жатканда, андай эмес деп калыс сөзүңүздү айта алган жоксуз», — деди Бакасов.

Количество просмотров: 1557