• Шаршемби 8 Бештин айы 2021

Кайгуул кызматкерин унаасынын капотуна сүйрөгөн айдоочуга карата иш козголду

18 ноября 2021 в 16:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочу Октябрь райондук милициясына жеткирилип, протоколдор түзүлгөн.

“Ал жарандын жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгону жана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келген 15 айыптын төлөнбөгөнү аныкталды. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Унаа айып аянтчасына киргизилди.

Количество просмотров: 306

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда