• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайгуул кызматынын маалыматтык базасы эмне үчүн иштебей жатат?

13 Бугу 202516:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында троллейбус линияларын демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында интернет зымдарын да оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматтык базасы убактылуу иштебей калды.

Маалымдалгандай, учурда бардык техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана жакынкы убакытта маалыматтык база толук калыбына келтирилет.

Белгилей кетсек, троллейбус линияларын демонтаждоо жана оңдоо иштери шаардык транспорттук инфраструктураны жаңыртуу жана модернизациялоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 309