• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайнисине бычак шилтеген жаран кармалды

29 Бештин айы 2020 10:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери ээнбаштык кылган жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-декабрда болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001 жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында уруштан улам арыз ээсинин жездеси бычак менен арыз ээсинин көзүнүн оң жагына шилтеп жиберген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган И.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Теги:
Количество просмотров: 113