• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кайра шайлоо. Токмокто добуштар кайра саналат

18 Теке 2021 16:01 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-июлундагы чечими түштү. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Белгилүү болгондой, Токмок АШК 2021-жылы 16-июлда Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Чечимде белгиленгендей, Токмок АШКга «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынан Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө талап менен арыз түшкөн. Арыз ээлери добуштарды кол менен саноошайлоо участокторунун баарында жүргүзүлбөгөндүгүн белилешкен. Токмок АШКнын чечиминде добуштарды кол менен саноо протоколдорун түзүүдө «Эмгек» саясий партиясынын өкүлү күмөн санаган жагдайлар бар экендиги белгиленет. Айкындуулук жана ачыктык максатында Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык шайлоо участокторунда шайлоочулардын добуштарын кайра саноону өткөрүү жөнүндө «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын арызын канааттандырган.

Мыйзам талаптарына ылайык добуштарды кайра санооБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясыТокмок АШКнын бул чечимин карайт.

Количество просмотров: 186