• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кайра шайлоого канча каражат кетери айтылды

13 Теке 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын сметасын жалпы 13 208,8 миң сом суммасында бекитти.

БШКнын маалыматына ылайык, смета шайлоону уюштуруу жана маалыматтык жактан камсыз кылуу, комиссия мүчѳлѳрүн жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын, чыгашаларын тѳлѳѳ үчүн чыгымдарды ѳзүнѳ камтыйт. Бардыгы болуп Ленин округдук жана 51 шайлоо комиссияларынын 745 мүчѳсү ишке тартылат. Идентификациялоону камсыз кылуу үчүн 24 адам санында операторлорду ишке тартуу пландаштырылууда.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ чыгашалардын сметасын бекитүүдѳ шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ окутууну ѳткѳрүүгѳ, окутуу үчүн кеңсе буюм-тайымдарын, маалыматтык жана башка материалдарды сатып алууга чыгашалар кыскартылган, анткени 2023-жылдын 28-майында болгон аталган бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ шайлоо комиссияларынын бардык мүчѳлѳрү үчүн окуулар ѳткѳрүлүп, шайлоо комиссиялары зарыл кеңсе буюм-тайымдары жана башка материалдар менен камсыз кылынган.

Количество просмотров: 88