• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кайра шайлоого катышуу үчүн дагы 3 талапкер арыз берди

31 Бештин айы 202111:36 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы үч талапкерден арыз түштү. Ушуну менен арыз тапшыргандардын саны тогузга жетти.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо жарыяланат. БШК кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи.

Количество просмотров: 1064