• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайра шайлоонун жыйынтыгы качан чыгат? Шайлдабекованын жообу

28 Бирдин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү. Эки округ боюнча шайлоочулардын саны (контролдук) 219 миң 654 адамды түзөт. Автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) маалыматы жарыяланды. Ага ылайык, Биринчи май округу боюнча Эльвира Сурабалдиева — 46,09%, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,28% алдыга чыкты»,-деди ал.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого БШК тарабынан 52 талапкер катталып, бирок Биринчи май округу боюнча эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

Количество просмотров: 125