Кайрат Кыргыз каймана аты менен таанымал болгон, эстрада ырчысы Кайрат Салмакеев жакында Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанаарын жар салды. Вars media агенттигине берген маегинде ал ага ар кайсы партиялардан сунуш келип жатканын, ал жөнүндө жакында ачыктаарын айткан.
«Мен бирөөнү шайлоого эмес, мени шайлагыла деп барам. Себеби мен депутаттыкка аттанып жатам деп айтам. Чынында эле мен саясатка аттанып жатам. Министр болгонго да аракет кылам, балким президент болуп калышым мүмкүн», — деди Кайрат Кыргыз.
Эске салсак, Кайрат Салмакеев кыргыз шоу-чөйрөсүндө башкача стили менен таанымал.