Кайрат Примбердиев 100 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-мартта чыгарган.
Соттун чечими менен ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү («Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, айып салынган.
Эске салсак, буга чейин Примбердиев казакстандыктардын «YouTube» каналына маек берип, Кененсары хандын өлүмү боюнча казак элинен кечирим сураганы катуу талкуу жараткан.
Ал эми 10-февралда УКМК ырчыга карата кылмыш иши козголгонун билдирген.