• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Kaktus.media сайтынын журналисттери суракка чакырылды

3 Бирдин айы 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media сайтынын журналисттери Бишкек шаарынын прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу басылманын негиздөөчүсү Дина Маслова билдирди.

Анын айтымында, көзөмөл органынын тергөөчүлөрү бүгүн редакциянын журналисттерин кезек менен суракка алышат.

Эске салсак, 28-январда Kaktus.media редакциясынын жанында митинг өткөн. Митингдин катышуучулары басылманы жабууну талап кылышты, анткени агенттик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу тажикстандык «Азия плюс» сайтынан кайра басылып чыккан маалымат тараткан. Кийинчерээк Башкы прокуратура чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал тууралуу маалымат боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараткан.

Количество просмотров: 82