• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Калган акчалар кайда?». Президент мамлекеттик ишканаларда ири коррупция болуп келгенин айтты

26 Жетинин айы 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда президент мамлекеттик ишканаларда ири коррупция болуп келгенин билдирди.

Жапаровдун айтымында, бир жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын киреше бериши көбөйгөн.

“Ушул жылдын башында «Мегакомдун» жетекчисин алмаштыргам. Мурдагы жылдары 2-3 млрд. сом таза киреше берип жатса, эки-үч жылдан бери 500-600 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, абоненттер ошондой эле. Мен жаңы жетекчи дайындап, минимум 1,5 миллиардга чыгарасың, болбосо жоопко тартыласың дегем. Мына бүгүн 1,5 млрд. таза киреше берди. Былтыр болгону 1,5 млрд. сом салык төккөн. Быйыл 3 млрд. сом салык төктү. Калган акчалар кайда?”, — деди Жапаров.

Президенттин айтымында бир жыл ичинде «Манас» эл аралык аэропортунда таза киреше 1 млрд. 200 млн. сомго көбөйгөн. Ал эми Кыргыз темир жол ишканасынын жетекчисин июль айында алмаштыргандан кийин ишкана алты ай ичинде 1 млрд. 578 млн. сом таза кирешеге чыкканын айтты.

«Дал ушул түшкөн каражаттардын артынан бир катар темир жолдор оңдолуп жатат. Жаңы вагондор алынууда. Жана башка ушул сыңары бир катар жкашы иштер жасалууда», — деп кошумчалады президент.

Количество просмотров: 1224