Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиева күбө катары суракка алынган иш далил жоктугунан улам токтотулду. Бул тууралуу Азаттык жазды.
“УКМКдан “Келип документтериңерди, акчаңарды алып кеткиле” деп чалышты. Конфискация болгон документтердин баарын алдым. Алар иш токтотулганын айтышты. А 50 миң сомду биз ордер менен кабыл алганбыз да, аны – белги коюлган акчаны бере албай турганын айтышты”, — деп билдирген Умуралиева.
Быйыл 28-майда Умуралиеваны УКМКнын шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган. Буга “Ынтымак” паркында велосипед иштетиш үчүн “Шаардагы парктар” ишканасына 50 миң сом төлөгөн жеке ишкердин Башкы прокуратурага опузалоо тууралуу жазган арызы негиз болгон.