• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024
An official in protective suits ensures the temperature of the foreign passengers disembarked from the quarantined Diamond Princess cruise ship before boarding to buses at a port in Yokohama, near Tokyo, Friday, Feb. 21, 2020. Passengers tested negative for COVID-19 started disembarking since Wednesday. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Калифорнияда карантинге алынган лайнердеги эки кыргызстандык үйлөрүнө кетти

27 Жалган куран 2020 12:33 Бишкек Govori.TV

АКШнын Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган Grand Princess круиздик лайнериндеги эки кыргызстандыктан коронавирус жок экендиги тастыкталып, үйлөрүнө кетти. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтен кабарлашкандай, КРнын АКШ жана Канададагы элчилиги 5-марттан тартып лайнерде кармалган эки кыргыз жараны менен тыгыз байланышта болуп турган.

«13-мартта Кыргызстандын эки жараны карантинди ары өтүү үчүн АКШнын Джорджия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү. Бир нече өткөрүлгөн тесттердин натыйжасында, карантиндик борборунун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарында коронавирус оорусу жок экендигин айтышты. 26-мартта кыргызстандык экижаран 14-күндүк карантинди өткөндөн кийин карантиндик борбордон үйлөрүнө кетти», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 62