• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Калкка динди жайылтуудагы даватчылардын орду кандай?

25 Тогуздун айы 202019:10 Бишкек Govori.TV

Жыл өткөн сайын динге берилип, мечитке барып, намаз окуган балдар, кыздардын, мектеп окуучуларынын саны артып жатат. Ошол эле учурда даватчылардын да саны өсүүдө. Айрымдар мындай көрүнүшкө өз кооптонууларын да билдирип келгени ачык.

Коомчулук дааватчы деген сөздү ар ким ар кандай кабыл алат. Мисалы айрымдар, аларды дин жолуна чакырган адам катары көрүп, алардын артына ээрчисе, кээ бирлеринде чындыгында эле коркуу, а түгүл ирээнжү сезими пайда болоору сурамжылоолордо айтылган эле.

А сиздин дааватчыларга көз карашыңыз кандай?

Жыйынтыгын көрүү

Коомчулук тарабынан терс көрүнүштөргө, пикирлерге кабылган дааватчы Мирлан Карыбеков айрымдардын аларга болгон көз карашы башкача экени сезилип турат дейт.

«Даватчылардын дарегине ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Даватка чыккан адам бирөөнү түзөйүн деген ниетте чыкпайт. Даватка чыга туран адам алгач ошол кадамга ниети болуусу керек. Алгач жаңы барып жаткандар 3 күндүккө чыгышат. Алар даваттын жол-жоболору менен таанышып, дин илими тууралуу маалыматтарды алышат. Биз деле туруп-туруп эле өзүбүз каалаган жерге даватка кетип калбайбыз. Көзөмөл бар. Өзүнүн жол-жоболрун аткарган соң ар ким болунгөн жамааты менен кетет. Биз сапарда телефон албайбыз, бирок, жакындарыбызга дайыныбызды билдиребиз. Ал жакка барган соң илим алуу, билгениңди өөрчүтүү жана аны башкалар менен бөлүшүү болот», — дейт Мирлан.

Ал эми даватка чыгып жаткан адамдар кандай жол-жоболорду аткаруусу керек деген суроо менен Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылдык. Үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиевдин айтымында ар бир дааватка чыгып жаткан жаран уруксаат кагазы менен чыгат.

«Даватка негизи муфтияттан атайы жолдомо алып чыгышат. Эң көбү 4 айга, анан 40 күн жана 3 күн. Биз жолдомолорду беребиз качан алар бизге үйүнөн, имамдан, Ички иштер органдардан атайы маалымат кат алып келгенде. Биз аларды текшерип туруп анан жолдомо беребиз. Бир жамаатта 8ден 13 кишиге чеин болот, Кыргызстандын ичиндеги жети облус аймактарына беребиз», — деди Билал ажы Сайпиев.

Бирок, коомчулукта мечитти айтып, динге жамынып алышып, канчалаган тетири иштерди жасап, диний экстремисттердин тетири үгүт-насааттар болуп жатканы кептер айтылып келет. Ал эми бул туурасында кеп кылган Билал ажы дааватка чыккан адамдар баян айтууда 20 шарты бар экенин жана андан чыкпашы керектигин белгиледи. Жана ошондой эле Билал ажы даватка кетип жаткан адам үй бүлөсүн да унутта калтырбай, аларга кандай шарт түзүп берүүсүн тууралуу айтып берди.

Деген менен дават маселесин жамынган айрым адамдар, жөнөкөй жарандардын ишеничине кирип, ар кандай бузуку жолдорго да түртүп ийген мисалдарды көп эле угуп жүрөбүз. Мындай маалыматтардан да улам коомчулуктун даватчыларга болгон оюу тескери болуп, ача пикирлер айтылып келет.

Кыргызстанда 2014-жылдан тарта даватчыларга деги эле дин багытына көңүл бурулуп, бир нукка салуу иш чаралары уюштурула баштаган. Ал эми «Даватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу» курстары өтүп келет.

Бул материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайтБул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайтБул радио программа Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Программанын мазмуну автордуку жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Количество просмотров: 64