• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Калкты тейлөө кызматында иштеген жаран алдамчылыкка шектүү катары кармалды

10 Үчтүн айы 2024 11:11 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген жаран алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын август айында Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген М.Ж. аттуу жаран алдоо жолу менен А.Р.дин ишенимине кирип, мамлекеттик каттоо кызматына жумушка киргизем деп 110 миң сом акча каражатын алып, бирок жумушка киргизбей, же алган акчасын кайтарып бербей качып кеткен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларанын натыйжасында алдамчылык фактысына шектүү Ош шаарында калкты тейлөө кызматында башкы оператор болуп иштеген 30 жаштагы М.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Учурда М.Ж. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.

Теги:
Количество просмотров: 112