• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Калпак менен чепкендин ордуна калем. Мэр Суракматов депутаттардан белек алды

8 Баш оона 201812:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр Азиз Суракматовго калем белеке тапшырды.
Негизи буга чейин салтка айланып калгандай кыргыздын улуттук баш кийим болгон калпак жана жаңы чепкен кийгизип келишкен. Бирок айрым жарандардын сын-пикиринен кийин бул салтты токтотуп, калем тапшырууну туура көргөндөрүн Бишкек шаардык кеңешинин төргасы Алмаз Кененбаев 6-августта мэр шайлоого байланыштуу уюштурулган тегерек үстөлдө билдирген эле.
Эске сала кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын мэри болуп Азиз Суракматов шайланды. 43 депутат «макул» деп добуш берген. Аны шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэрликке талапкер кылып көрсөткөн.

Количество просмотров: 45