• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Калыстар калпыстык кылды». Медет кызынын беттеши талкууда

1 Баш оона 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-августта Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу Аделин Мариа Грейге 3:2 эсеби менен жеңилди.

1-айлампада АКШ өкүлүнүн эсебине эки упай жазылган. 2-айлампада Айпери атаандашын килемдин сыртына түртүп чыгарууга аракеттенди. Бул аракетке калыстар упай бербей, ага нааразы болгон кыргыз тарап видеодон кайталап көрүүнү талап кылып, челленж берди. Челенж да АКШ спортчусунун пайдасына чечилип, ага дагы бир упай берилди. Акыркы мүнөттө Айпери эсепти теңөөгө үлгүрбөй калды.

Мелдештен кийин социалдык тармактын колдонуучулары балбан кызды алкап, калыстар калпыстык кылганын жазып чыгышты.

Эртең, 2-августта Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Количество просмотров: 386