• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камакта ачкачылык кармаган укук коргоочу Рузиев ооруканага жатты

2 Кулжа 2020 13:59 Бишкек Govori.TV

Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев ооруканага жатты. Бул тууралуу 2-июнда анын уулу Азат Рузиевге таянып “Азаттык” радиосу кабарлады.

“Атам кан басымына жана соңку күндөрү башынан өткөргөн стресске байланыштуу кечээ ооруканага жатты. Азыр ал Ысык-Көл облустук ооруканасында”, — деген Азат Рузиев.

Азат Рузиевдин айтымында, 3-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине карата жазылган арыздар сотто каралат.

Укук коргоочу жана активист, Ысык-Көл облусундагы «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген.

Ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган жана анын ишиндеги Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси алынган.

Камакта отурганда Рузиев күч органдарынын аракетине карата протест иретинде ачкачылык жарыялаган.

Рузиев буга чейин ички иштер органдарындагы абалды сындап келгени белгилүү.

Өткөн айда ал Каракол шаардык санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлеринин Саламаттык сактоо министрлигине коронавируска каршы күрөш боюнча кайрылуусун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган.

Количество просмотров: 41