• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Асия Сасыкбаева бүгүн 71 жашка толду

18 Бештин айы 202212:18 Бишкек Govori.TV

«Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева бүгүн, 18-декабрда 71 жашка толду.

Асия Сасыкбаева Кемпир-Абад ишине байланыштуу топ саясатчы, активисттер менен катар массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 23-октябрда кармалган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-февралга чейин камалган.

Шаардык сот 10-ноябрда Асия Сасыкбаеванын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.Кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Количество просмотров: 1611