• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Камактагы Аскаровдун ишин кароо 6-апрелде уланат

25 Бирдин айы 2020 15:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга бүгүнкү отурумда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.

Аскаровдун кассациялык арызынан тышкары адвокаттары кошумча арыз берген. Ал арыз менен айыптоочу тарап тааныша электигин айтып, убакыт сурады.

Бүгүн 25-февралда Жогорку сотто башталган жараянга Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова жана уулу Шерзод Аскаров катышты.

Жараянга эл аралык укук коргоо уюмдарынын, элчиликтердин өкүлдөрү да көз салууда.

Сот залына журналисттер киргизилген жок. Муну Жогорку соттун кызматкерлери залдын тардыгы менен түшүндүрүштү.

Азимжан Аскаров Жогорку Сотто иши башталаардан мурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга түрмөдөн кайрылуу жолдогон.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Адвоката Азимжана Аскарова, Айдара Садыкова не впускали в здание Верховного Суда около 40 минут.

Опубликовано Аидой Байжумановой Вторник, 25 февраля 2020 г.
Количество просмотров: 64