• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Камактагы Гүлзат Мамытбек кайра ачкачылык жарыялады

19 Үчтүн айы 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

Абактагы Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) жана анын жанындагы 6 аял киши ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.

Алар №21 жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери аёосуз мамиле жасап жатышканына жана абактагы шарттарга нааразы экенин билдиришкен.

«Гүлзат Мамытбек Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна арыз менен кайрылган. Арыз прокуратурага жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын 25-октябрда кармалган Мамытбек ал алдамчылыкка шектелүүдө. Ал буга чейин дагы 2021-жылдын 14-ноябрында да ачкачылык жарыялап, 23-ноябрда ачкачылыгын токтоткон.

Количество просмотров: 439