• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Ачкачылык жарыялагандардын абалы айтылды

22 Бугу 2023 16:42 Бишкек Govori.TV

Абакта ачкачылык жарыялагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Govori.TVга Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги айыпталуучулар Али Шабдан, Акыл Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов Атай Бешенбек уулу ачкачылык жарыялашкан.

«Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аздан тамак жеп башташты. Медицина кызмтакерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда. Ошону менен катар айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү»,-деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активистер Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылуу жолдошкон. Анда «Кемпир — Абадчыларга болуп жаткан моралдык — психологиялык басым токтотулсун», «Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек уулу мурдагы олтурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылсын жана улам-улам абак бөлмөлөрүнө которуулар токтотулсун» деген талаптар менен 19-майдан баштап, саясий ачкачылык жарыялай тургандыктары жазылган.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. Апрель айында райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 119