• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаровдун отставкасы талап кылынды. Гүлзат Мамытбек абактан чыкты

25 Бугу 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ОТСТАВКАСЫ ТАЛАП КЫЛЫНДЫ

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетүүсүн талап кылды.

Ал «Кумтөр» кенинин кирешесинен Нарын облусуна акча бөлүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечимин сынга алды.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.

Эске салсак, кечээ «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которуу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими чыккан.

ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулованы «Алдамчылык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулуп, абакка кесилген жазасынан бошотулган.
Ал 2021-жылы 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Милициянын маалыматы боюнча, ага каршы арыз менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан. 

ЭЛЕКТР МАМЫГА АСЫНГАН АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Жалал-Абаддын Сузак районунда электр мамычага болжол менен 22-25 жаштагы жигит асынып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Комсомол айылында жогорку чыңылуудагы электр мамычасында эркек киши (аты-жөнү такталууда) асынып тургандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 385