Кулматовдун аялы нике күбөлүгүн жарыя кылганга аргасыз болду
Кулматовдун аялы нике күбөлүгүн жарыя кылганга аргасыз болду
21 Аяк оона 2018 10:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Кубанычбек Кулматовдун жубайы Жамиля Кулматова УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго жолдошу менен жолуктуруп коюу үчүн, 7 жолу кайрылган. Бул тууралуу Жамиля Кулматова өзү маалымдады.
«ЖМК аркылуу УКМКга үйлөнгөндүгүбүз тууралуу документти көрсөтпөгөндүгүмдү билдим. Бирок, менден ал документти талап кылышкан эмес. Бул жөн гана шылтоо болду. Учурда колумда документим бар. Эмне үчүн биздин укугубузду бузуп жатышат»,- деди Жамиля Кулматова.
Айтымында, анын дарегине айтылган айыптар негизсиз. Ошондой эле Кубанычбек Кулматовду кыргыз жарандыгынан ажыратуу акылга сыйбай турган иш.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго жемкорлук айыбы тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
УКМК Кыргызстанда баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн маалымдады. Азыркы учурда, комитет бүткүл …