Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-мартта эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотто Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш иш боюнча соттук отурумунда белгилүү болгонун АКИпресс маалымат агенттиги жазды.
Ал жерде Исаковду туугандары куттуктап жатышат.
Буга чейин Сапар Исаков жубайы Малика Арстанбекова менен 4 кызды тарбиялап жатышкан.