Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровду 2023-жылдын 20-июнуна чейин камакта калтырды.
«Кылмыштын курамы жок, бул саясий иш болгон. Тергөө жүргөн жок. Эч кандай далил таба албай жатышат», — деди мурдагы депутат.
Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 23-октябрында милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.